Парламент орозого байланыштуу түшкү тыныгуусуз иштеп жатат

Жогорку Кеңеш.

Бүгүн, 23-майда Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун түштөнүүгө чыкпай иштөө жөнүндө сунушу колдоо тапты.  

Эл өкүлү өз сунушун көпчүлүк орозо кармап жатканы менен түшүндүрдү.  Парламентте түшкү тамактануу 13:00дөн 14:00гө чейин болот.

Кыргызстанда орозо айы 17-майдан башталган.