Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотундагы Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси, экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча отурум өттү. Сурак берүүгө чакырылган күбөлөрдүн көптүгүнөн улам соттук отурум токтоп, 4-июнда саат 15:00дө уланат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку соттун басма сөз өкүлү Сюита Соурбаева кабарлады.
Мурдагы отурумдун жылдырылышына ишти караган сот Эмилбек Каиповдун ооруп, келбей калганы себеп болгон.
Зилалиевге президент Сооронбай Жээнбековдун былтыр 24-ноябрда болгон инаугурациясынан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси менен ("Террорчулук жөнүндө атайлап жалган маалымат таратуу") кылмыш иши козголгон.
Быйыл 30-мартта УКМК Дүйшөнбек Зилалиевге козголгон кылмыш ишин тергеп бүтүп, Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча айыбын угузган. УКМКнын тергөө органдары Зилалиевге карата эч жакка кетпөө тууралуу тилкат берүү түрүндө бөгөт чарасын тандап алган.
Инаугурация күнү президенттик кортеж өткөн көчөдө "бомба коюлду" деген кабар тараган. Жергиликтүү маалымат каражаттары бомба тууралуу милицияга ИИМ академиясынын курсанты кабарлаганын, ага бул тууралуу "1532 ВК" мамлекеттик номерлүү "Лексус" машинесинен белгисиз бирөө билдиргенин жазган. Кийинчерээк "машиненин номуру Зилалиевге таандык" деген маалыматтар чыккан. (KR)