Линкявичюс: Дүйнө чемпионатын Орусияда өткөрүү - "аңкоо идея"

Линас Линкявичюс.

Литванын тышкы иштер министри Линас Линкявичюс футбол боюнча дүйнө биринчилигин Орусияда өткөрүүнү “аңкоо идея” деп атап, ошол эле маалда Евробиримдик мелдешке дипломатиялык бойкот жарыялабай турганын айтты. 

- Орусияда бардыгы саясатка байланган – спорт, маданият өлкөнү дүйнөнүн борбору кылып даңазалоого кызмат кылат. Бул дайыма үгүт үчүн жакшы. 2014-жылы Сочидеги Олимпиадада аны жакшы көрдүк. Оюндардан кийин эле Украинага каршы агрессия болду, - деди министр шаркеттин Брюсселдеги жыйынынан кийин "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна берген эксклюзивдүү интервьюда.

Евробиримдикке кирген 10 өлкө 14-июнда башталып жаткан дүйнө чемпионатына квалификацияланган.

Орусиялык экс-тыңчы Сергей Скрипаль менен анын кызына кол салуудан кийин Британия жана Исландиянын өкмөт мүчөлөрү өз өлкөлөрү мелдештин ачылышына катышпай турганын билдиришкен. Бирок Линкявичюс "биргелешкен жооп болбошу мүмкүн" деди.