Ала-Тоо аянтында башталган "Манас" айтуу төрт саат уланат

"Манас" эпосуна тартылган Теодор Герцендин сүрөтү.

Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында ушу тапта «Манас» эпосунан үзүндүлөр айтылып жатат.

Бул иш-чара Коомдук биринчи каналдын 60 жылдыгына карата уюштурулууда.

"Манас" айтып жаткандарды «Маданият. Тарых.Тил» каналы түз эфиринде көрсөтүүдө.

Салтанат ак калпакчандардын флеш-мобу менен коштолду.

Иш-чара төрт саат уланып, кечки саат 10до жыйынтыкталат. (RK)