“Кыргызгидромет” билдиргендей, 2-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз ала булут каптап, кээ бир райондордо күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 17-22 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 11...16, күндүз 30...35;
Таласта түнкүсүн 10...15, күндүз 28...33;
Ош, Баткен, Жалал-Абадда түнкүсүн 13...18, күндүз 30...35;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 7...12, күндүз 21...26;
Нарында түнкүсүн 6...11, күндүз 23...28 градус болот.
2-июнда Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын табы борбордо түнкүсүн 13…15, күндүз 32…34 градуска чейин көтөрүлөт. (ErN)