Балтика боюнда жана Польшада НАТОнун машыгуулары башталды

НАТО желеги.

Балтика боюнда жана Польшада НАТОнун 18 миң аскери катышкан Sabre Strike машыгуулары башталды. 19 мамлекеттин жоокерлери катышкан иш-чара 3-июндан 15-июнга чейин уланат. 

Ал тапта Польша өкмөтү өз аймагынан АКШ аскерлерине туруктуу жай берүү сунушун карап жатканын билдирди.

2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алган соң АКШ жана НАТО кошуундары Польшадагы аскерий даярдыктын көлөмүн кеңейте баштаган.