Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Окуя 2-июнда Чүй облусунун Аламүдүн айылында болгон.

11 жаштагы өспүрүмдү каналдан издөө иштерине жалпысына 35 куткаруучу жана суучул тартылган. Натыйжада маркумдун сөөгү бүгүн эртең менен табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.