АКШ президенти Дональд Трамп “Чоң жетинин” Канададагы саммитинде жыйынтыктоочу коммюникеге кол койбоого тапшырма бергенин жарыялады.
Трамптын Твиттердеги билдирүүлөрүндө мындай чечим Канаданын премьер-министри Жастин Трюдонун билдирүүлөрүнө каршы кадам экени жазылат. Саммит соңунда өткөн маалымат жыйында АКШнын металлургия продукцияларына бажы төлөмдөрүн киргизгени сынга кабылган.
Трамп АКШнын бажы төлөмүн киргизүүсү америкалык товарларды чектөөгө жооп экенин белгиледи.
Эл аралык соода жүргүзүүдөн тышкары саммитте АКШ менен өнөктөштөрү ортосунда климаттык өзгөрүү боюнча пикир келишпестик келип чыккан. Саммиттин катышуучулары Трамптын Орусиянын “Чоң жетиге” кайтышы боюнча идеясын колдогон эмес.
Буга чейин саммиттин жыйынтыгында документке “Чоң жетиге" мүчө Франция, Британия, Германия, Италия жана Жапониянын лидерлери кол койгону маалымдалган.
Трамп саммиттин аякташын күтпөй эле кеткен. Ал муну 12-июнда Сингапурда өтүүчү Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ын менен жолушууга даярдык деп түшүндүргөн. (TSh)