Жээнбеков Айтматовдун үй-музейин көрүп келди

Сооронбай Жээнбеков Чыңгыз Айтматовдун үй-музейинде.

Президент Сооронбай Жээнбеков залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Бишкектеги үй-музейине зыярат кылып, анын жакындары менен жолукту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, анда президент Чыңгыз Айтматовдун Кыргызстандын тарыхындагы орду өзгөчө экенин, ал ар дайым өз өлкөсүнө жана элине кызмат кылганын белгиледи. Ошондой эле ал үй-музейдеги эскерүү китебине жазуу калтырды.

10-июнда Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн өткөнүнө 10 жыл толду. Быйыл жазуучунун 90 жылдыгын белгилөө боюнча атайын жарлык чыгып, даярдык иштери жүрүп жатат. (BkA)