Аба ырайы: тоолорго кар жаайт

Иллюстрациялык сүрөт.

14-15-июнда аба ырайы туруксуз болот. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда катуу жаан-чачын жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши мүмкүн. 

13-июнда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Кыргыз тоо кыркаларында өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35;

Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;

Баткен, Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;

Нарында түнкүсүн 6…11; күндүз 22…27.

13-июнда Бишкекте жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18°, күндүз 32…34 градус жылуу болот.