Иштамбердиде кенге байланыштуу жолугушуу өтүп жатат

Өкмөт өкүлдөрү Иштамберди кенин иштетүүгө каршы чыккан жергиликтүү тургундар менен жолугуп жатат. 13-июнь. 2018-жыл.

Өкмөт өкүлдөрү ушул тапта Иштамберди кенин иштетүүгө каршы чыккан жергиликтүү тургундар менен жолугуп жатат. Өкмөт өкүлдөрүнүн катарында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Улан Рыскулов, өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, ИИМдин орун басары Курсан Асанов жана башкалар бар.

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука-Чаткал жолундагы Иштамберди кенин иштетүүгө каршы жергиликтүү 300дөй тургун 12-июнда митингге чыккан.

Иштамберди алтын кенин кытайлык инвесторлорго таандык “Фулд Голд Майнинг” фирмасы иштетет жана анда 600дөй адам эмгектенет.

Жашоочулар кен мыйзамсыз иштеп жатканын белгилеп, экологиялык зыяндарын текшерүүнү жана элге компенсация төлөп берүүнү, зыяндуу заттарды колдонууга тыюу салууну, калдыктарды башка жакка чыгарууну талап кылып жатышат. (КE)