Бишкекте жаңы сейилбак ачылды

Жаңы сейилбак.

Бишкектин Дэн Сяопин жана Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы сейилбак ачылды. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, ал жерге беш жарым миңден ашуун бир жылдык гүл көчөттөрү, декоративдүү өсүмдүктөр тигилип, отургучтар коюлду. Аймагы 1890 чарчы метр.

Расмий кабарга ылайык, ал жерде мурда курулуш материалдары сатылып, бир бөлүгү мыйзамсыз автопарк катары колдонулуп жүргөн. (SE)