Жоголгон кыздын "Кумтөрдө" иштегени айтылууда

Нургиза Кулмамбетова.

Кыргызстандын Түркиядагы Башкы консулдугу Стамбул аэропортунан жоголуп кеткен кызды издөө иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Торонто-Стамбул-Бишкек рейси менен учуп келе жатып, болжол менен Стамбулдун аэропортунун аймагынан кыргызстандык Нургиза Кулмамбетова аттуу жаран дайынсыз кеткен. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигине кыздын жакындары 13-июнда кайрылышкан.

Жоголгону айтылып жаткан кыздын Алтынай Усубалиева аттуу курбусунун сөзүнө караганда, Нургиза "Кумтөр" компаниясынын кызматкери катары Торонтодон келаткан. Акыркы маалыматтарда анын кол сумкасы Стамбулдун аэропортунан табылган. (TSh)