ИИМ: баңгизат койдун башына катылган

Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин малыматына караганда "10 грамм баңгизат жана акча каражатын жашырып киргизген" деген шек менен үч жаран кармалды. 

Койдун башы менен кошо ал буюмдар тоноо жана мыйзамсыз курал сактоо үчүн айыпталып жаткан абактагы Ысык-Көл облусунун 34 жаштагы тургунуна киргизилген. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин тизмесинде турат. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. (TSh)