БШК Чудиновду мандатынан ажыратты

Игорь Чудинов.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутаты Игорь Чудиновду соттун чечимине ылайык мандатынан ажыратты. Анын ордуна “Бир Бол” партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча кийинки кезекте турган Бактыбек Турусбеков келди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы маалымат таратты.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, парламент депутатына карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып ал мандатынан ажыратылат.

Октябрь райондук сотунун 2017-жылдын 19-декабрындагы өкүмү менен депутат Игорь Чудинов Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, 5 млн. сом айыпка жыгылган. 2018-жылдын 1-июнунда Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган.

"Жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялаган" деп айыпталган Самаковду былтыр 19-декабрда Бишкектин Октябрь райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка шериктеш болуу”, “Коррупция” беренелеринин негизинде 10 жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарган болчу. Аны менен кошо уулу жана төрт санаалашы сегиз жылга кесилген. Бул кылмыш иши боюнча экс-премьер-министр, депутат Игорь Чудинов менен мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевге айыппул салынган. (TSh)