Орозо айтка карата президенттин куттуктоосун спикер окуду

Дастан Жумабеков. Бишкек, Айт намаз учуру. 15-июнь, 2018-жыл.

Бүгүн Бишкектеги Орозо айт намазын окуу учурунда президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосун Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков окуду. Спикер андан кийин чогулгандарды өз атынан куттуктады.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 14-июнда Орусияга иш сапары менен кеткен.

Буга чейин майрамдык салтанаттарда президент өзү катышпай калган учурда куттуктоолорун президенттик аппараттын башчылары, премьер-министр же президенттин кеңешчилери окучу. (ErN)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектеги айт намаз