Экс-президент Атамбаев апрель окуясынын курмандыктарын эскерди

Алмазбек Атамбаев.

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев Орозо айт күнүнө карата “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барды. Бул тууралуу КСДП партиясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Комплексте 2010-жылы апрель окуясында каза болгондорду эскерүү, аларга багыштап куран окуу иш-чаралары өттү.

Мунун алдында мурдагы президент Чүй облусунун Арашан айылындагы мечитте Айт намазга катышты. (ErN)