Кыргызстанга ок-дары алып өтүүгө аракет жасаган казак жараны кармалды

Табылган тогуз патрон.

Казак жараны мамлекеттик чек ара аркылуу Кыргызстанга мыйзамсыз ок-дары алып өтүүгө аракет жасады. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя бүгүн эртең менен “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде болду. 43 жаштагы казакстандыктын Daimler Benz унаасы тинтүүгө алынганда ичинен 12-калибрдеги тогуз патрон табылды. Бул ок-дарынын уруксат документи жок болуп чыкты.

Кармалган адамды милицияга өткөрүп беришти. (RK)