“Алмаз” радиосу 26 жылдыгын белгилеп жатат

“Алмаз” радиосу 26 жылдыгын белгилеп жатат. 1992-жылы 15-июнда “Алмаз” радиосу алгачкы жолу обого чыккан.

Маанайшат багытындагы жеке радиолордун көч башында турган бул медианын жетекчиси Рустам Кошмуратов 26 жылдыкка карата жекшемби күнү атайын иш-чара уюштурулуп жатканын бүгүн “Азаттык” радиосуна билдирди.

Анын белгилешинче, азыркы радио көп улуттуу Кыргызстандын бардык жарандарын камтыган көп тилдүү медиа аянтка айланды.

“Алмаз” радиосу “Азаттык” менен бир нече жылдан бери кызматташып келет. Бул өнөктөштүгү үчүн ал бийликтин кысымына кабылган учурлар болгон.

"Алмаз" радиосунун алып баруучулары

​“Алмаз” радиосу өзүнүн маанайшат-музыкалык программаларынан сырткары уйгур, фарси, өзбек, түрк, орус тилдериндеги уктурууларды обого чыгарып келет. (SA)