Тартип сакчылары катышкан жаңжалдар териштириле баштады

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда тартип сакчылары катышкан жаңжалдар боюнча кызматтык териштирүү башталды.

16-июнда Бишкектеги Ош базарында кайыр сурап отурган майып баланын апасы милиционерлерге каршылык көрсөтүп жатканы тартылган видео Интернетке тараган. Анда милиция формасындагы беш-алты адам акча сурап отурган баланын ал жерден кетишин талап кылганын, буга анын апасы жана айланадагылар нааразылык билдиргенин көрүүгө болот.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморов "Азаттыкка" билдиргендей, милицияга базардын жетекчилиги кайрылып, акча сурап отургандарды базардын ортосунан чекеге чыгарып, тартипке салып берүүнү суранган. Ошондон улам атайын рейд уюштурулган:

- Алар жөн-жай түшүндүрүп жатканда апасы ыйлап, нааразы боло баштаган, ага айланадагы сатуучулар да кошулган. Кызматтык териштирүү жүрүп жатат. Эгер милиционерлер орой мамиле кылганы аныкталса, ошого жараша жаза колдонулат, - деди Оморов.

18-июнда болсо Ысык-Көлдө Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын кызматкеринин формасындагы адамга байланыштуу видео тараган. Ал кафеде тамактанган соң акча төлөбөш үчүн тамак ичкен идишине өзү таштанды салып, аны официантка көрсөтүп урушканы айтылган. Аталган башкармалыктын басма сөз кызматы окуя "Футзон" деген кафеде болгонун бышыктап, кызматтык териштирүү башталганын билдирди. Бул кызмат тартип сакчысы жеген тамагына акча төлөгөнүн тастыктаган чек бар экенин белгилейт. (SE)