Текебаевдин адвокаттары Башкы прокуратуранын чечимине каршы даттанышты

Өмүрбек Текебаев.

“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары Башкы прокуратуранын чечимине каршы Бишкектин Октябрь райондук сотуна арыз жазышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди.

- Эгер сот жокко чыгарса, "кетирген кемчиликтерди жоюу" деп берилет. Анда жаңы ачылган жагдайлар менен иш өндүрүшүн козгош керек. Эгер биздин арыз канааттандырылбаса шаардык, Жогорку сотко кайрылабыз.

Буга чейин Башкы прокуратура "“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары көрсөткөн жагдайлар соттун жүрүшүндө каралган" деген негизде ишти кайра кароодон баш тарткан.

Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайларга ылайык, анын ишин кайра кароо өтүнүчү менен саясатчынын адвокаттары Башкы прокуратурага 22-майда кайрылышкан. Алар Өмүрбек Текебаевди "Мегаком" чырына байланыштуу айыпка жыгып, "миллион доллар пара алган" деп көрсөтмө берген чет өлкөлүк жарандар Модин менен Маевскийдин көрсөтмөлөрү чындыкка дал келбей тургандыгын тастыктаган документтер бар экенин билдиришүүдө.

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Мегаком" чырына байланыштуу "Коррупция" беренеси менен айыпталып, былтыр февраль айында камалган. Аны менен кошо мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Аларга "орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган" деген айып тагылып, сот ар бирин сегиз жылга эркинен ажыраткан. Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 абакта, ал эми Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкадагы абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат. (КЕ)