Бишкекте "Мен - көчмөнмүн" деген жаштар форуму өтөт

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучусу. 6-сентябрь, 2016-жыл.

22-июнга белгиленген иш-чара быйыл күзүндө өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын колдоо максатында уюштурулуп жатат. Ага шоу-бизнестин 50дөн ашуун өкүлү, социалдык тармактардын жылдыздары жана 500дөй конок катышат.

Борбор Азиядагы Америка университетинде өтө турган форумду Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы уюштурууда.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл 2-8-сентябрда Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. 80 мамлекеттен келе турган үч миңдей спортчу элдик спорттун 36 түрүнөн таймашка чыгары кабарланган. Мелдештерди чагылдырууга 50 мамлекеттен 500дөй журналист келүү ниетин билдирген. (ErN)