Айтматов түптөгөн Ысык-Көл форуму уюштурулат

Чыңгыз Айтматов

Быйыл 2-октябрда интеллектуалдардын Ысык-Көл форуму өтөт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Орусия элдеринин ассамблеясынын төрайымы Светлана Смирнова менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анда кыргыз вице-премьери Смирнованы бул форумга конок катары катышып кетүүгө чакырды.

Интеллектуалдардын Ысык-Көл форуму залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен алгач жолу 1986-жылы Ысык-Көлдүн жээгинде уюштурулган. Форумга дүйнөдөгү атактуу жазуучу, окумуштуу, ойчулдар катышып, Жер планетасынын олуттуу маселелери боюнча ой бөлүшүп, аны чечүү жолдорун талкуулашат.

Быйыл форум Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулганы жатат.(BkA)