Бишкекте Кыйноого каршы эл аралык күн белгиленип жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

БУУнун чечими менен 1997-жылдан бери 26-июнь Кыйноого каршы эл аралык күн катары белгиленип келет. Бул күнгө байланыштуу “Кыйноого каршы коалиция” эл аралык уюмдар менен кошо Бишкекте иш-чара өткөрөт. Анда мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эксперттер бул маселени чечүүнүн жолдорун талкуулашат.

Өкмөттүк эмес уюмдардын изилдөөсүндө Кыргызстанда милиция кармаган учурда жана убактылуу кармоо жайларында ар бир үчүнчү адам кыйноого дуушар болот. 2003-жылдан бери "Кыйноо" беренеси менен сот үч иш боюнча гана өкүм чыгарган.

Жылына укук коргоо борборлоруна "кыйноого кабылдым" деген 300гө жакын кайрылуу түшөт. Прокуратура түшкөн 10 кайрылуунун 9уна кылмыш ишин козгоодон баш тартат. Маселен, өкмөттүк эмес уюмдардын маалыматында, акыркы алты жыл ичинде 1805 арыз түшсө, анын 1664үнө кылмыш иши козголгон эмес. (TSh)