Евробиримдик миграция боюнча “бурулуш” макулдашууга жетишти

Деңизден куткарылган мигранттар Испаниянын түштүгүндө спорттук залга жайгаштырылган учур. 28-июнь, 2018-жыл.

Бул тууралуу Брюсселдеги саммитте эки сааттан ашуун созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин тараптар макулдашууга жетишти. Биримдиктин лидерлери жетишилген мунасаны “бурулуш макулдашуу” деп мүнөздөшүүдө.

Ага ылайык, Евробиримдик өлкөлөрү деңизден куткарылган мигранттарды каттап, текшерүүдөн өткөрүүчү борборлорду өз аймактарында түзөт. Алардын эл аралык коргоо муктаж деп табылгандары биримдиктин мигранттарды кабыл алууга макул болгон мамлекеттеринин арасында бөлүштүрүлөт.

Евробиримдик мигранттарды текшерүүдөн өткөрүүчү борборлорду Европанын тышында, негизинен Түндүк Африка жана Балкан аймагында да түзүүгө аракет кылат. 

Европага деңиз аркылуу жөнөгөн мигранттар жээгине эң көп келип түшкөн Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте макулдашуу түзүлгөнү жарыяланган соң анын өлкөсү эми “жалгыз эмес” экенин белгиледи.

Мигранттардын жүгүн жана чыгымын тең көтөрүүнү талап кылган Италия өкмөтү акыркы гуманитардык уюмдардын мигранттарды салган кемелерин өз портторуна киргизбей койгон.

Биримдиктин мигранттарды эң көп батырган өлкөсү болгон Германиянын канцлери Ангела Меркел Брюссель саммитинин алдында миграция мүшкүлүн “эң маанилүү жана татаал маселе" деп мүнөздөгөн.

Миграция боюнча эл аралык уюмдун эсебинде, Евробиримдикке 2015-жылы 1,000,573 (бир миллион беш жүз жетимиш үч) мигрант келсе, 3735и деңизге чөккөн.

2016-жылы Европа Биримдигинин тышкы чек арасына Жер ортолук деңизи аркылуу 363 504 мигрант жетип, дагы 5143 деңизде чөгүп өлсө, 2017-жылы алардын саны 171, 635ке түшкөн, 3116сы деңизде каза тапкан. Быйыл болсо 6-июнга чейин 33 миң 400 мигрант келип, 785и деңизде мерт болгон. (UE)