30-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызстан. Чүй облусу. Көл-Төр көлү.

Кыргызстанда 30-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15...20, күндүз 30...35;

Таласта түнкүсүн 13...18, күндүз 28...33;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15...20, күндүз 31...36;

Баткенде түнкүсүн 15...20, күндүз 31...36;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 9...14, күндүз 24...29;

Нарын облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 24...29 градуска чейин ысык болот.  

Бишкекте 30-июнда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.  Абанын температурасы түнкүсүн 18...20, күндүз 33...35 градуска чейин жогорулайт.

Шашылыш билдирүү:  29-июндан 1-июлга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республикада сел жүрүү коркунучу жогору болот.