Казакстан менен Кытай Хоргосто плотина курат

Кытай менен Казакстандын желектери.

Хоргос дарыясында сел тосуучу  “Чукурбулак (Алмалы)" плотинасын курууда  Кытай менен кызматташтыкты караган келишимди ратификациялоо мыйзамына президент  Нурсултан Назарбаев 29-июнда кол койгонун Ак ордо кабарлады.

Эки өлкөнүн Хоргостогу плотинаны биргелешип куруу боюнча келишими 2017-жылы, 8-июнда Астанада кабыл алынган.

Документке ылайык, плотина эки өлкөнүн орток менчиги болот. Курулуштун чыгымын эки тарап 50-50% өлчөмүндө тең көтөрөт.

Плотина курулушуна байланышкан иштерди координациялоо үчүн эки тарап биргелешкен комитет да түзөт. (UE)