Бишкекте боёк фестивалы өттү

Бишкекте өткөн фестивалда тартылган сүрөт.

Бишкек шаарында 30-июнда "Боёктор кетет, көз ирмемдер калат" деген ураан менен ColorFest (Боёк фестивалы) өттү. "Ата Түрк" эс алуу багындагы иш-чарага катышкан ондогон улан-кыз бири-бирине кургак боёк сүйкөшүп, көңүл көтөрүштү.

Уюштуруучу Бегайым Бекболотова максаты - жаштарды бириктирип, дем алыш күндөрүн көңүлдүү өткөрүү экенин билдирди. Ал ушул иш-чараны Бишкекте быйыл дагы төрт жолу уюштурууну көздөп турат.

Боёк фестивалы 2016-жылы Ысык-Көлдө, 2017-жылы Токмокто өткөн.