Масалиев аялдардын макияжы тууралуу пикири тамаша экенин айтты

Исхак Масалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев аялдардын макияжы жана кийими тууралуу "Фейсбукка" жазган пикири тамаша экенин билдирип, ага капа болуунун кажети жоктугун айтты.

Эл өкүлү 29-июнда соцтармакка "аялдар эмне үчүн эркекти суктандырган кийимдерди кийип, макияж жасары тууралуу өзүнө көп суроо берерин" билдирген.

"Кыздын сулуулугуна арбалган жигит кучактап же өбүүгө аракет кылса, ыдык көрсөттү деп чыгышат. Албетте, зордукчул аракеттерди кошпогондо" - дейт Масалиев.

Депутаттын бул жазганы Интернетте талкууга түшүп, айрымдар Масалиевдин сөзүн сынга алып жатышат.

Эл өкүлү "Азаттыкка" комментарий берип, "Фейсбуктагы" пикири тамаша иретинде жазылганын түшүндүрдү:

-Кыздарыбыз сулуу болушу керек. Каалагандай жүрсүн. Боёнсо боёнот, боёнбосо боёнбойт.

Исхак Масалиев парламенттеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын мүчөсү. (SE)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Масалиевдин аялдардын макияжы тууралуу пикири