Ала-Арча суу сактагычына чөгүп кеткен жигиттин сөөгү милицияга өткөрүлдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте 17 жаштагы жигит сууга чөгүп каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя жекшембинин кечинде Калыс-Ордо жаңы конушунда болгон.

Жигит Ала-Арча суу сактагычына чөгүп кеткен. Куткаруучулар маркумдун сөөгүн суудан таап, милицияга өткөрүп беришти.