Төрөт үйүнүн короосунда көз жарган эненин да, баласынын да абалы жакшы

Иллюстрациялык сүрөт.

3-июлда Бишкек шаарындагы №2 төрөтканынан короосунда кош бойлуу аял көз жарды.

Төрөт үйү жайкы оңдоп-түзөө үчүн жабык болгон. Аялдын толгоосу бышып, төрөтканага кире албай, сыртта көз жарганын оорукананын башкы дарыгери Азамат Алымбаев “Азаттыкка” билдирди:

- Биздин төрөткана ремонтко жабык. Дарыгерлер баланын киндигин кесип, үстүңкү кабаттагы төрөт бөлүмүнө алып киришип, бизди чакырышты. Азыр эне-баланын акыбалы жакшы.

Саламаттык сактоо министрлигинде бул иш боюнча атайын иликтөө башталганы маалым болду. (BCh)