Актёр Дүйшөн Байдөбөтовдун сөөгү жерге берилди

Дүйшөн Байдөбөтовду жерге берүү зыянаты.

Кыргыз эл артисти, белгилүү актёр Дүйшөн Байдөбөтовдун сөөгү өзү туулуп-өскөн Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылында жерге берилди. 

Маркум менен коштошуу зыйнатына президенттик аппараттын, Маданият, туризм жана маалымат министрлигинин жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, депутаттар, чыгармачыл адамдар катышууда. 

69 жаштагы Дүйшөн Байдөбөтов 7-июлда узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайткан. Ал үч жыл мурда инсульт алып, дарыланып жүргөн.

Президент Сооронбай Жээнбеков маркумдун үй-бүлөсүнө 100 миң сом бөлүп берди.

Дүйшөн Байдөбөтов калың элге Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" чыгармасынын негизинде тартылган "Мен - Тянь-Шань" тасмасындагы Илиястын образы аркылуу таанылган.

Андан кийин “Айсулуунун талаасы” тасмасында - Сабырдын, "Каныбекте" - Түлкүбектин, “Саманчынын жолунда" –Субанкулдун,  "Токтогул" тасмасында Токтогулдун, Темир Бирназаровдун "Белгисиз маршрут" тасмасында айдоочунун образын жараткан. Театр актеру катары “Курманбек”, “Барпы ырчы”“Коммунист Танабай", “Отелло" баштаган жүздөгөн спектаклдерде башкы ролдорду ойногон. (ZA\ErN)