Түркия: Темир жол кырсыгына кабылгандардын арасында кыргызстандыктар жок

Түркиядагы темир жол кырсыгы. 8-июль, 2018-жыл.

Түркияда поезд кырсыгынан каза тапкандардын жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугу билдирди.

Түркияда 8-июлдагы поезд кырсыгы 20дан ашык кишинин өмүрүн алды. 120дан ашык адам ар кандай жараат алып, ооруканада жатат.

Поезд Капыкуле – Стамбул багытында баратып Чорлу аймагында рельстен чыгып кеткен. Кырсыкка нөшөрлөп жааган жаандан улам темир жол төшөлгөн жер кыртышы эзилип калганы себеп болгону айтылды.