“Күн-Чубак” пансионаты Улуттук олимпиада комитетине акысыз пайдаланууга берилди

Ысык-Көл. Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөткө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагындагы “Күн-Чубак” (“Солнышко”) мамлекеттик ишканасынын мүлк комплекси “Улуттук олимпиада комитети” коомдук бирикмесине убактылуу бекер пайдаланууга берилди. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлагандай, Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылындагы аянты 11,029 га жер тилкесинде жайгашкан пансионатты Улуттук олимпиадалык комитети 49 жылдык мөөнөткө алды. 

Ысык-Көлдөгү “Күн-Чубак” (“Солнышко”) пансионаты мурда Мамлекеттик мүлк фондунун карамагында болчу. 2017-жылдын август айында премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин карамагына өткөн. (ErN)