Футбол-2018: Франция финалга чыкты

Франциянын коргоочусу Самюел Умтити.

Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпиондугунда Франциянын футболчулары жарым финалда Белгияны утуп алды. Оюндар 11-июлга караган түнү "Санкт-Петербург" стадионунда болуп, 1:0 эсеби менен жыйынтыкталды. Жалгыз голду Франциянын коргоочусу Самюел Умтити киргизди.

Натыйжада Франция 12 жылдан кийин кайрадан финалга чыкты. Акыркы жолу ал 1998-жылы дүйнө чемпиондугунун алкагында финалга чыгып, Бразилияны утуп чемпион аталган.

Эми Белгиянын үчүнчү орун үчүн ойноого мүмкүнчүлүгү бар. Бүгүн түндө Хорватия жана Англия командаларынын оюнунун жеңүүчүсү финалда Франция менен, утулганы үчүнчү орун үчүн Белгия менен ойнойт.

Үчүнчү орун үчүн оюн 14-июлда өтөт, финал 15-июлга белгиленген. (SDz)