Азербайжандын Гянжа шаарында 10-июлдагы каршылык акциясына чыккандар менен кагылышууда эки полиция кызматкери мерт болду. Алар Гянжа шаардык жана Низами райондук башкармалыктарынын жетекчилеринин орун басарлары болуп чыкты. Бул тууралуу өлкөнүн күч түзүмдөрү билдиришти.
Өлтүрүүгө шектүү катары жергиликтүү эки тургунга издөө салынып, сүрөттөрү жарыяланды. Андан тышкары шаардын башкы аянтына нааразылыкка чыккандардан 40 киши кармалды. Ички иштер министрлиги “150-200 кишиден турган радикалдуу диний топ тартипти одоно бузууга аракеттенди” деп кабар таратты. Ушу тапта абал тынч, шаар көзөмөлдө экени белгиленет.
Өткөн жумада Гянжа шаарынын башчысы Элмар Валиевге кол салуу болуп, мэр жана анын жансакчысы жарадар болушкан. Бул үчүн Ирандан окуп келген жана исламчыл радикалист катары шектүү болуп эсептелген Сафаров аттуу адам кармалган. Ошондо буга нааразы болгондор 10-июлда шаарда акция өткөрүүгө чакырык таштаган болчу. Прокуратура Сафаровду "өлкөдө башаламандык жаратуу үчүн теракт уюштурууну көздөгөн" деп айыптап жатат.