Футбол-2018: Хорватия Англияны 2:1 эсебинде жеңди

Хорватия командасынын күйөрмандары. Москва. 12-июль, 2018-жыл.

Орусияда өтүп жаткан Футбол боюнча дүйнө чемпиондугунда Хорватиянын курама командасы Англияны 2:1 эсебинде жеңип, финалга чыкты.

Эки команданын оюндары Москва шаарындагы "Лужники" стадионунда 12-июлга караган түнү өттү.

Беттештин бешинчи мүнөтүндө Англиянын курама командасынын коргоочусу Киран Триппьер топту атаандашынын дарбазасына киргизип, эсеп 1:0 болду. 68-мүнөттө Хорватиянын жарым коргоочусу Иван Перишич бул эсепти теңеди.

Хорватиялыктарга жеңишти алып келген голду кошумча берилген 109-мүнөттө чабуулчу Марио Манджукич киргизди.

Бул - Хорватиянын тарыхта алгачкы жолу дүйнө чемпиондугунун финалына чыгышы.

Эми хорваттар финалда Франция менен күч сынашат. Беттеш 15-июлда Москвада өтөт. Англия болсо коло медал үчүн Белгия менен ойнойт. Шейшембиде Санкт-Петербургда өткөн беттеште франциялыктар Бельгияны 1:0 эсебинде уткан.