Таласта кечээ кечинде катуу шамал жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 11-июлда саат 18:47 чамасында Кыргызстанга 50 жыл көчөсүндө бир үйдүн чатырын ылдамдыгы секундасына 15 метрге жеткен шамал учуруп, кооптуу абал жаралган.
КР ӨКМдин 17-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жерине барып, үйдүн учкан чатырын жерге түшүрүп беришкен.