Жээнбеков Таласты кыдырууда

Президент Сооронбай Жээнбеков ишкер Миргазы Оморов менен.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун Таластагы сапары башталды.

Алгач ал “Манас-Ордо” улуттук комплексине барды. Андан соң Таш-Арык айылында бала бакча куруу иштери жана Тараз-Талас-Суусамыр автожолун жаңылоо долбоору менен таанышты.

Ошондой эле 15 жылдан ашуун төө буурчак экспорттоп, азыр Сербия, Польша, Түркиядан алма көчөттөрүн алып келип ишкерлик кылган Миргазы Оморовдун чарбасын көрдү.

Президент мындан тышкары облустун тургундары менен жолугушат, агрардык, социалдык чөйрөдөгү абал менен жана аймактын транспорттук инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштин жүрүшү менен таанышат. (AlS)