Сүлүктү: шахтада уранды алдында калган адамдын сөөгү табылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Баткендин Сүлүктү шаарында шахтада уранды алдында калган адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 37 жаштагы адам шахта ичинде жүргөн учурда урандынын алдында калган. Аны менен кошо иштеп жаткан эки адам чыгып кетүүгө үлгүргөн. Шахта шаардагы Байкал аталышындагы ишканага таандык. (BkA)