Аскер окуу жайларына студенттерди кабыл алуу жүрүп жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

2-июлдан тартып өлкөнүн аскердик окуу жайларына кабыл алуу жүрүп жатат. Бул тууралуу журналисттерге Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин аскердик билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Талгат Саалаев кабарлады. Анын айтымында, 2-июлга карата 325 абитуриент Куралдуу күчтөрдүн аскердик институтуна документ тапшырды. Ал эми чет өлкөлүк аскер окуу жайларына 362 бүтүрүүчү документ тапшырууну каалап жатат. Бир орунга алты окуучу ат салышат.

- Болушунча коррупциялык көрүнүштөрдү четке кагуу, аларды алдын алуу боюнча бардык күч-аракеттер жумшалды. Сынактардын башында талапкерлерге да, алардын ата-энелерине да маалымат берилди. Кабыл алуу өнөктүгүнө карата "объективдүү болгон жок, бирөө бирөөгө жардам берди" деген арыздар келип түшкөн жок, - деди Талгат Саалаев.

Кыргызстанда Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскердик институт аскердик жогорку билим берет. Мындан сырткары кыргызстандык окуучулар Орусиянын ондон ашык, Казакстан менен Түркиянын аскердик окуу жайларына тапшыра алат. (KR)