Президент коомдук активисттер менен жолугушууда (фото) 

Жолугушуу "Ала-Арча" резиденциясында өтүп жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн жарандык сектордун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп жатат.

Мамлекет башчысы менен жолугушууга өкмөттүк эмес 40 уюмдун өкүлдөрү жана коомдук активисттер чакырылган.

Диалогдун алкагында мамлекеттин турмушуна жана мамлекеттик органдар менен жарандык сектордун ортосундагы өз ара аракеттенүүгө тиешелүү маселелер боюнча пикир алмашуу болот.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүүдө.