Жээнбеков: Коррупцияга каршы күрөштө жарандык коом негизги өнөктөш болушун каалайм

Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштө жарандык коом негизги өнөктөш болушун каалайт.

Бул тууралуу ал ушу тапта “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан жыйында айтты.

Жыйынга 40ка жакын саясатчы, жарандык коом өкүлү чакырылган.

Президент бул күрөш көп өнөктүктүн бири болбосун, токтобостон аягына чыгарыларын, системалык негизде жүргүзүлөрүн белгиледи. (RK)