Чүйдө жүк ташыган автоунаа күйүп кетти

Күйүп кеткен унаа. 18-июль, 2018-жыл.

Чүйдө жолдо бараткан жеринен жүк ташуучу унаа күйүп кетти. Бул тууралуу “Азаттыктын” угармандары кабарлап, окуя болгон жерден тартылган видеону жөнөтүштү.

Алардын айтымында, бетон ташыган унаа 18-июлда Чүйдүн Беловодское айылынын тушунан өрттөнгөн.

Айдоочу жабыркаган жок, болгону машиненин ичинде документтери жана чөнтөк телефону калып кеткенин айтты.