Президент судья Есеналиеваны иштен мөөнөтүнөн мурда бошотту

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын район аралык сотунун судьясы Гүлжан Есеналиева кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка бүгүн мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Жарлыкта "Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде Бишкек шаарынын район аралык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Есеналиева Гүлжан жергиликтүү соттун судьясынын кызматынан бошотулуп, анын аталган соттогу судьялык ыйгарым укуктары өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда токтотулду" деп жазылган.