Улуттук гвардиянын 26 жылдыгы белгиленди

Улуттук гвардиянын аскерлери. 20.07.2018

Кыргызстандын Улуттук гвардиясы түзүлгөнүнө 26 жыл болду. 20-июлда бул датага байланыштуу негизги аскердик бөлүктө салтанат өттү.

Улуттук гвардия 1991-жылы декабрь айында президенттин жарлыгы менен түзүлгөн. Алгачкы 300 гвардиячы 1992-жылдын 20-июлунда ант берген. Учурда анын курамында 1,5 миңдей аскер бар.

Бүгүнкү салтанатта мыкты аскерлерге сыйлыктар тапшырылды. (RK)