20-22-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери жолукту.
Алар аймакта терроризм жана экстремизмге каршы, мыйзамсыз маңзат ташуу, трансулуттук уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүүдө кызматташуу тууралуу сүйлөшүштү. Мындан сырткары суу-энергетиканы пайдаланууда, товар жүгүртүү, экономикалык жана маданий кызматташтыкты жогорулатууну талкуулашты.
Борбор Азиянын тышкы иштер министрлери мамлекеттер ортосундагы чек ара тилкелерин тактоодогу соңку аракеттерге оң баа беришип, активдүү иш жүрүп жатканын белгилешти. Тараптар ушундай форматтагы жолугушууларды өткөрүп турууну макулдашышты. (TSh)