Ирактын Күрт автоном аймагынын Эрбил шаарында өкмөттүк имаратка чабуул койгон куралдуу согушкерлер жок кылынды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти. Ирактын медиасы үч согушкер жок кылынганын кабарлады.
"Reuters" агенттиги кабарлагандай, дүйшөмбү күнү согушкерлер имаратка кирип келип, алгач күзөтчүлөрдүн куралын тартып алышкан. Андан соң полиция кызматкерлери менен куралчандардын ортосунда атышуу башталган. Айрым маалыматтар боюнча, куралчандар имараттын ичиндеги адамдарды барымтага алышкан. Барымтадагылардын бири катуу жарадар болуп, кеминде бир согушкер имараттын ичинде өзүн жардырып жибергени кабарланып жатат.
Эрбилдеги бул имарат Күрт автономдуу өкмөтүнө таандык. Куралчандардын артында кайсы топ турганы белгисиз. Бирок Күртстан автоном аймагынын расмий өкүлдөрү бул чабуулду «Ислам мамлекети» радикал тобу уюштурушу мүмкүн экенин айтып жатышат.