"Азаттыктын" кабарчысы Уланбек Эгизбаевдин сөөгү жерге берилет

Маркум туулган айылда аны менен коштошуу зыйнаты болуп жатат. 24-июль, 2018-жыл.

"Азаттыктын" журналисти Уланбек Эгизбаев менен коштошуу зыйнаты  маркум өзү туулган Кочкор районунун Көк-Жар айылында өтүп жатат. Анын сөөгү бүгүн саат 10.00дө коюлат. 

Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Ата шаарында ооруканада каза болду. Ал Ысык-Көлдөгү "Акун" пансионатында эс алууга барган жеринен сууга чөгүп, башка эс алуучулар тарабынан жээкке чыгарылган.

Уланбек Эгизбаев соңку эки айда Улуттук тарых музейиндеги мумия баш болгон экспонаттардын чоо-жайын, Бишкекте жана анын тегерегинде өөрчүп кеткен көрүстөн сатуу бизнесин иликтеп чыккан. Айрым учурларда ага телефондон коркутуп-үркүтүү, түшүнүксүз каттар келгени маалым болгон. 28 жаштагы Эгизбаевдин артында ата-энеси, төрт эжеси жана кош бойлуу жубайы калды. 

Жакындарынын өтүнүчү менен маркумдун сөөгү экспертиза үчүн Чолпон-Атадан Бишкекке жеткирилген. 

Сөөктү ачуу иштери 23-июлда болгон. Ага катышкан "Азаттыктын" кабарчысы Токтосун Шамбетов маркумдун бутунан тактарды байкап, аны милициянын протоколуна коштурганын билдирди.

Азыр мунун чоо-жайын соттук-медициналык экспертиза текшерип жатат. Азырынча экспертизанын толук тыянагы чыга элек.

Буга чейин Соттук-медициналык экспертиза борбору жүргүзгөн иликтөөнүн баштапкы жыйынтыгында журналист "чөгүп өлгөнү" кабарланган.