Израил ирандык аскерлер боюнча Орусиянын демилгесин четке какты

Иран жоокерлери.

Израил Орусиянын Сирияда Иран колдогон кошуундар үчүн тыюу салынган демаркациялык тилке орнотуу боюнча демилгесин четке какты. Тел-Авив "Сирия аймагында Ирандын күчтөрү таптакыр болбошу керек" деп талап кылууда. Бул тууралуу израилдик маалымат каражаттары жазышты.

Мындан тышкары Израил Сирияда алыска учуучу ракеталардын орнотулушуна каршы болуп, ал өлкөдө ракеталар чыгарылган бардык ишканаларды жабууну талап кылууда.

Дүйшөмбү күнү Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жолугушуусуна Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Валерий Герасимов катышты.

Орусиянын тышкы саясий мекемеси кездешүүдө Жакынкы Чыгыштагы кырдаал талкууланып, Сирияга өзгөчө көңүл бурулганын билдирди.